![Кыргызстандык мушкер UFCге жолдомо бере турган мелдешке катышат Кыргызстандык мушкер UFCге жолдомо бере турган мелдешке катышат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2286637.b04458f78044cbee5363a21743f398a3-1.jpg)
Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев UFC уюмунун президенти Дана Уайт уюштурган «The contender series» шоу-мелдешине катышат. UFC үчүн тандоо боло турган сезондогу 8-шоу ушул жылы жайында жан күзүндө өтөт.
«Улуу кыргыз» клубунун атынан чыгып жаткан Уран Сатыбалдиевдин аталган мелдештеги атаандашы бразилиялык Раффаэль Кэркуэра (11-0) болот. Сентябрдагы беттештин жеңүүчүсү UFC менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Уран Сатыбалдиев быйыл март айында бразилиялык Бруно Ассисти жеңип, убактылуу чемпиондук титулга ээ болгон.
Ушул эле шоунун экинчи сезонунда Антонина Шевченко чыгып, Дана Уайттан келишим алган болчу.