Бүгүн, 20-май күнү Ош шаарында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана шаарлардын мэрлери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын ачуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, агенттик КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы менен Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын, Шаар мэрлерин окутууну уюштурууда. Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу, кайра окутуу, квалификацияларын жогорулатуу ишин алып барат. Ошонун негизинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында жергиликтүү администрация башчыларын, шаар мэрлерин окутуу-тренингин өткөрүүдө.
«Иш-чаранын ачылышына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Азамат Шамеев, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Асртанкулов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Урмат Аманалиев жана Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери катышты»,- деп айтылат маалыматта.
Кезектеги окутуу Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин имаратында ишке ашырылды. Окутуу курсу төрт күнгө созулуп, тармактык окутууларга бөлүнүп, өз ишин алып бармакчы. Ош шаарындагы окууга, жалпысынан Ош, Баткен, Жалал-Абад, облустарынын райондорунун акимдери, шаар мэрлери чакырылган.
Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө:
“Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожевич Жапаровдун тапшырмасына ылайык, коомду жана мамлекетти түп-тамырынан жаңылоо боюнча алдыбызда турган жаңы саясий, экономикалык жана социалдык милдеттер, кадр саясатында принципиалдуу жаңы ыкмаларды колдонуу талабы турат. Мамлекеттик кадрларды жаңыча калыптандырышыбыз керек. Учурдун заманбап чакырыктарына туруктуу, жөндөмдүү адистерди ишке тартып, алардын квалификациясын жогорулатып жана кайра даярдоодон өткөрүү мезгилдин талабы. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Акылбек Усенбекович Жапаровдун тапшырмасы боюнча 2024-жылдын 13-майынан 16-майына чейин Бишкек шаарында, 20-майдан 23-майына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлеринин жана райондордун акимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлүп башталды. Бул окутуу сиздердин карьераңыздардагы маанилүү этап болуп, өлкөбүздүн тез өзгөрүп жаткан экономикалык жана саясий кырдаалында татаал маселелерди чечүүгө жана адилеттүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү, натыйжалуу лидер болууга жардам берет деп ишенебиз”,-деди ал.
Курстун аягында Академия тарабынан тест жана эссе өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча маалыматты Агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Өткөн жумада мындай саамалык Бишкек шаарында жолго коюлуп Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын райондорунун акимдери менен шаар мэрлери курстан өтүшкөн.