Владимир Зеленскийдин президенттик мөөнөтү кечээ, 20-май күнү аяктады. Бирок өлкөнүн аймагында согуштук кырдаал узартылгандыгына байланыштуу шайлоо өткөрүүгө болбойт. БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик уюм Зеленскийдин легитимдүүлүгүн таанырын билдирди.
«Владимир Зеленский биз үчүн Украинанын мамлекеттик башчысы катары каралат. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы маселелерди чечүү үчүн лидер катары аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт»,- деди ал маалымат жыйында.
Буга чейин Зеленский өлкөдө согуштук абалды узартып, 90 күн ичинде мобилизация жүргүзүү мыйзамына кол койгон. Украинанын БШКсы согуштук абал алынып, шайлоо уюштурулганга чейин Зеленскийдин ыйгарым укуктары күчүндө каларын билдирген.
Владимир Зеленский 2019-жылы 20-майда Украинанын президенти болуп шайланган.