Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитов кайым айтышат кетишти.
Комитеттин жыйында Ысык-Көлдүн жээгиндеги объектерди чет өлкөнүн жарандарына сатып алууга уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жаткан.
«Чынын айтканда, мен бул мыйзамга каршымын. Бул мыйзамга эч кандай сунуш да бергим келбейт. Мен жөн эле каршымын. Кийин көрсөтөт, убакыт көрсөтөт, кимдики туура экенин. Биздин экономикабызда өтө туура эмес нерселер көп болуп жатат. Айрыкча социалдык-экономикалык багытта. Биз бизнес деп акчаны гана сүйлөп калдык. А социалдык-экономиканы сүйлөш керек. «Социалдык-экономика» деген термин менен сүйлөш керек. Ошондо анан туура болот. Себеби дегенде силер жалаң бизнести сүйлөйсүңөр дагы эл биякта калып жатат. Силер жалаң бизнести сүйлөп калдыңар. «Бизнеске жардамб еребиз» деп сүйлөйсүңөр, бирок, мынтип жардам берип болбойт. Мекенди сатуу менен жардам берип болбойт бизнеске»,- деди ал.
Бул арада депутат Балбак Түлөбаев сөзгө аралашты:
— Ким сатып жатат?
Султанбай Айжигитов: — Сатып атпайсыңарбы, мына.
Балбак Түлөбаев: — Аныгын айтканда, мен сатып атыпмынбы?
Султанбай Айжигитов: — Албетте, ушундай мыйзамды киргизип жаткандай кийин
Балбак Түлөбаев: — Азыркы сөзүңүз боюнча сотко кайрылам «Өлкөнү сатып атасыз» деген боюнча
Айжигит Султанбаев: — Өзүңүз билиңиз.
Балбак Түлөбаев: — Бул жерде азыр видео жарыяланып атабы? «Өлкөнү сатып атат» дегениңиз үчүн мен сизди сотко берем. Оозуңузга карап сүйлөңүз. Өлкөнү эч ким саткан жок. «Ак сакал да эмессиң, көк сакал да эмессиң, оозуңа карап сүйлө. Өлкөнү эчким саткан жок.
Айжигит Султанбаев: — Сен сатып атасың.
Балбак Түлөбаев: — Мен сатып атамбы? Ушул сөзүң үчүн сотто жооп бересиң. Уят да эми, «өлкөнү сатып атасың» деп жатат.
Султанбай Айжигитов: — Сага окшогондор өлкөнү сатып жатышат.
Балбак Түлөбаев: — Сага окшогондорбу, көрөбүз аны. Соттон көрөбүз.
Султанбай Айжигитов: — Сотуңарды билем силердин, сотуңарды да билем.
Балбак Түлөбаев: — Абайлап сүйлөңүз, сенден сый да кетти, урмат да кетти. «Өлкөнү сатып атат» дейт ушунусу туурабы? Бет деген бетон экен. Бетиң жок экен.
Айжигит Султанбаев: — Сен сатып атасың, сага окшогондор сатып жок кылышты.
Балбак Түлөбаев: — Ошолордун арасында сен да барсың.
Султанбай Айжигитов: — Эмне жакшылык кылып койдуң сен, мындай сүйлөй турган. Эмне жакшылык ылып койдуң?
Балбак Түлөбаев: — Өзүң жакшылык кылдыңбы?
Султанбай Айжигитов: — Эмне жакшылк кылып койдуң? Талтайгандан башканы билбейсиң. Мен бул мыйзамга каршымын. Мен кеттим бул жерден. Мына окшогондор былчыйып отура берсин.
Балбак Түлөбаев: — Шамал. Сени да билебиз губернатор болуп иштегениңди. Кандй иштерди кылганыңды билебиз.