![Т. Матраимовдун иши сотко өтүп, Руслан жана Ислам Матраимовдордун бөгөт чарасы узартылды Т. Матраимовдун иши сотко өтүп, Руслан жана Ислам Матраимовдордун бөгөт чарасы узартылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2516497.ff3126f4c421d3f832721b200da21259.jpg)
Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовдун иши Ош шаардык сотуна өттү. Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызмат тастыктады.
Маалыматка караганда, Т. Матраимовдун кылмыш иши Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн. Сот иштин маңызы боюнча карап баштайт.
Ал эми 11-май күнү Ош шаардык соту Ислам жана Руслан Матраимовдордун бөгөт коюу чарасын узарткан.
«Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 11-майындагы токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 222-беренесинин 3-бөл.3-п. менен шектүүлөр М.И.И. жана М.Р.И. камактагы бөгөт коюу чаралары 18-июлга чейин узартылган»,- деп айтылат маалыматта.