Бүгүн, 31- май күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү станциянын ачылышына катышып, таанышып чыкты.
Таштадыларды сортточу ишкананын курулушу 2024-жылдын 1-февралында башталган. Жалпы аянты: 0,75 гектар.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн демилгечиси “Таза Комплекс” жоопкерчилиги чектелген коому.
Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу Мамлекеттик жеке өнөктөштүк келишимдеринин алкагында «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды.
Аталган объект «Таза-Комплекс» ишканасы тарабынан рекорддук кыска мөөнөттө курулуп, анын курулушуна инвесторлордун өздүк каражаттарынын эсебинен 97 миллион сомдон ашык акча каражаты тартылган.
Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясы ачылгандан кийин мындан ары көбөйтүү менен 80ден ашык жумушчу орун түзүлөт.
Сорттоочу комплекс Орусия менен Европанын алдыңкы заманбап технологиялары менен камсыздалган.
Долбоор эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчи этапта катуу тиричилик калдыктарын иргөөчү станцияны куруу каралган. Аталган станциянын курулушу аяктап, экинчи этапта терең кайра иштетүүчү экотехнопаркын түзүү каралган.
Долбоордун экинчи этабы калдыктардын түзүлүшүн аныктоого, таштанды иргөөчү ишканасында иштей ала турган квалификациялуу адистерди жана жумушчуларды даярдоого багытталган.