Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Бүгүн, 19-июль күнү Ош шаарындагы Анар кичи районунда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана неберелеринин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Маркумдарды акыркы сапарга узаттуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, алардын орун басарлары, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков, жана башкалар катышууда.
Анда чогулгандар Аида Касымалиеванын жана анын бир туугандарына көңүл айтышып, аза кайгыларын тең бөлүшөрүн билдирдишти.
Маркумдар жума намазынан кийин жерге берилет.
Аида Касымалиеванын ата-энеси 17-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан улам каза болгон. Кийинчерээк алар менен унаада чогу болгон үч небереси да каза болгону белгилүү болду.