Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Бүгүн, 23-июль күнү АКИпресс-Ошто Ош шаарынын тургундары маалымат жыйын беришти. Анда алар «Эмаком» курулуш компаниясынан үй алып, бирок, алар алган үйлөр азыркы убакка чейин бүтө электигин, айрым объектеринин пайдубалы да баштала электигин айтышты.
Кара-Суу шаарынын тургуну Адалат Жолдошова эл ашар жолу менен «Эмакомдун» үй куруп баштаганда, компаниянын директору келип ишти токтотконун айтат.
«Биз «Эмакомдун» Ош шаарында курулуп жаткан үйлөрүнөн алганбыз. Эл өз күчүбүз менен бир үйүн куруп жатсак, Эмил Рамидинович келип, «бүт баарын өзүм бүтүрүп берем, кепилдикке өзүм турам» деп убада берген эле. Бирок, ошондон бери жок, таппай жүрөбүз. Ушул үйдү алам деп биздин уул-кыздарыбыз миграцияда жүрүшөт. «Ушул компаниянын үйүнөн алып, үйлүү болуп калайын» деп батирдин 100 пайыз акчасын төккөндөр бар, 90 пайызын төккөндөр бар. Азыркы учурда толугу менен иш токтоп калды. Ошондуктан, Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Качыбек Кыдыршаевич, сиздерден суранабыз, ушул Эмил Рамидинович бизге келип, ушул үйлөрүн бүтүрүп берсин»,-деди А. Жолдошова.
Ал эми Маматемин Ормонов да «Эмаком» компаниясынан үй алып, өздөрү батирде жашап жатканын билдирди.
«Мен дагы урматтуу президенттен суранам, бала-чакам менен батирде жашап жатам. Ушул «Эмаком» компаниясынан үй алабыз деп, акчасын бергенбиз. Бул компаниянын жетекчисин башында абдан жакшы көрдүк эле. Иши жакшы башталган болчу. Бирок, азыр башкача болуп калды. Мисалга, мен Ашимахунов көчөсүнүн №26 дарегинен үй алам деп, акчасынын баарын төлөп койгом. Айрым адамдар ошол эле даректин «Б» блогунан үй алабыз деп, акчасын баарын төгүп койгондор бар. Ошондуктан, Эмилден суранып кетет эле, өзү келип, эл менен сүйлөшүп, үйлөрүн бүтүрсүн. Жаз айларында келип, «баарын өзүм бүтүрөм» деп убада берип кеткен. Бирок, дагы деле жок да. «Үч күндө баарын жолго салып коем» деди эле. Ошол учурда депутаттык мандатын тапшырып келди эле. Мен ойлопмун, эми бүтүрүп берет окшойт деп. Деген менен жок да дагы деле. Офисине түнөгөн күнүбүз болду. Көчөдө түнөгөн күнүбүз болду»,-деди М. Ормонов.
Ошондой эле, айрым тургундар алар үй ала турган даректе үйдүн өзү эмес, пайдубалы да жок экенин, ошондуктан Эмилбек Жусупов алардын үйлөрүн тезинен бүтүрүп берүүсүн суранышты.
Ал эми Эмилбек Жусуповдун өзү менен байланыша алган жокпуз. «Эмаком» компаниясынын юристинен да суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.
«Эмаком» ЖЧКсы Мелисбек Жусупов жана Эмилбек Жусуповго катталган. Аталган компания көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенет. «Эмаком» компаниясынын негиздөөчүсү катары таанымал Эмилбек Жусупов Жогорку Кеңештин депутаты болуп да иштеген. Бирок, ушул жылдын 20-апрелинде Жусупов депутаттык мандатын тапшырган.