Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Иляз Сансызбаев УКМКнын Ош облусу жана шаардык башкармалыгы тарабынан кармалды.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Сансызбаев 18-сентябрга чейин камакта калтырылды.
«Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 20-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектүү С.И.Б. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалган»,- деп айтылат маалыматта.
Иляз Сансызбаев айыл өкмөт башчы болгонго чейин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башчысы болуп иштеген.