Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашим Семетеев УКМК тарабынан кармалып, баш коргоо чарасы тандалды.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 21-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын ТБнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектүү С.А.Э. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалган»,- деп айтылат маалыматта.