Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев УКМК тарабынан кармалып, Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалды.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 20-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу)менен шектүү Т.А.А. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалган»,- деп айтылат маалыматта.
Кыңыр иш кырк жылда дейт, Оштун базарын кебетесин келиштирип уруксат бере берген, бирин үстүнө бири минип, басканга жол таппайт элең, карапайым элди эч ким укпады эле, Аллахым бир күндө көзүңөрдү ачып койдубу, эми кандай кол коюп берген болсо ошондой жооп берсин! Камчыбек Кыдыршаевич али көбүңөрдүн бетиңерди ачат