Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими А.Т.А.нын катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган аким А.Т.А. коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды.
«Т.А. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, жыйынтыгында кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын тандаган»,- деп айтылат маалыматта.