Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына тиричилик буюмдары деп товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 26-октябрында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан КР М.С.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.
Сүрөт: УКМК