Эльдар Абакировду БШК Жогорк Кеңештин депутаты кылып каттады. Абакировго Эмил Жамгырчиевдин мандаты берилгени белгилүү болду.
Абакировго депутатка берилүүчү документтер- күбөлүк жана төш белги берилди.
Буга чейин мандатынан ажыратылган Эмил Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча айып тагылып, сот баш коргоо чарасы катары камак түрүн тандап, Жамгырчиев 26-февралга чейин камакта калган.