Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев нөшөрлөп жааган жамгырдан жабыркаган аймактарды кыдырып, ӨКМ, медицина, жол тейлөө жана энергетика тармактарынан түзүлгөн ыкчам топтун иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, иш сапардын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн кунт коюп угуп, жергиликтүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
«Жолугушууда облуста өзгөчө кырдаал жарыяланганын, селден жабыркаган бардык аймактар калыбына келтирилерин баса белгиледи. Эльчибек Джантаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кечки жааган жамгырдын кесепетинен сел каптаган өтмөктөрдү тазалоо иштерин тез арада баштоону тапшырды. ӨКМдин жаан-чачындын дагы болушу боюнча болжолдоолорунан улам, жумуштарды күчтөндүрүү керектигин билдирди. Жергиликтүү тургундар облус жетекчиси менен коопсуздук маселелерин активдүү талкуулап, кооптуу объектилерди көрсөтүп, аларды чечүү чараларын көрүүнү суранышты. Эльчибек Джантаев жергиликтүү бийликке коопсуз аймактардан жер тилкелерин бөлүп берүүнү тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.
Коопту деп табылган аймактарга берилген мүмкүнчүлүктөр менен айрым жарандар көчүрүү шарттарын аткарбай жатканын белгиледи. Облус жетекчиси тургундарга өкмөт койгон шарттарды аткаруусу керектигин, адам өмүрүн коргоо баарынан жогору турарын эске салды.
Учурда облустун бардык аймактарында абал көзөмөлгө алынып, селден кийин калыбына келтирүү иштери уланууда. Эльчибек Джантаев бардык түзүмдөрдүн ишин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.