Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы «Ошто аарылар массалык түрдө ууланды» деген маалымат боюнча жооп берди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аарылардын уулануусу Ош шаарында жалпылык мүнөзгө ээ эмес.
«Ош шаарынын аймагында аарылардын ууланып өлүп жатышы боюнча социалдык тармактарда видео жарыяланган. Анын негизинде Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору видеодо кайрылуу жасаган жарандын дарегин аныктап, изилдөө иштерин жүргүзгөн.Мында багбандар бир жума мурун короосундагы бак-дарактарды дарылаган. Андан кийин бал челектериндеги аарылары 90% кырылып калгандыгы аныкталган. Ал эми жалпы Ош шаарынын аймагында массалык аарылардын уулануусу жок»,- деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү кызмат ичүүчү суудан жана ачык каналдан суунун жана жерден топурактын үлгүсүн токсикологиялык лабораториялык изилдөөгө алды.
Ошондой эле жашоочуларда жана жаш балдарда кусуу, баш ооруу, өзүн жаман сезүү сыяктуу учурлар байкалган эмес.
https://www.youtube.com/watch?v=ThqFyVQf2oM
Буга чейин «Ошто аарылар ууланып, өлүп жатат, дыйкандардын химикат колдонгонунун айынан» деген темадагы «Санжар Калматай» ютуб каналына жарыяланган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган болчу.