Иллюстрациялык сүрөт
29-майда Тажикстан Республикасынын Согдий облусуна караштуу Жийделик (Санчинзор) айылында каза болгон жубайлар жана күйөөсүнүн карындашы Лейлекте жерге берилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жергиликтүүлөргө шилтеме берүү менен жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, маркумдун бир туугандары буга чейин Кыргызстанга өтүп, кыргыз жрандыгын алышкан. Алар сүйлөшүү жолу менен сөөктөрүн алып келип, Лейлек районунун Достук айылында акыркы сапарга узатылды. Маркум жубайлардын артында балакатка жете элек 3 бала калды.
Каза болгондор:
— И. А. Н. 1974-жылы туулган (күйөөсү);
-К.К.Т. 1983-жылы туулган (аялы);
-И.З.Н. 1977-жылы туулган (күйөөсүнүн карындашы);
Маркумдун Достук айылында жерге берилгендигин жергиликтүү бийликтен тастыкташты.