17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин (5-ноябрды кошуп алганда) узартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул жарандардын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу үчүн кылынган аракет.
«Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети ЦОНдо, 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт. Ар кандай аймактардан алынган сүрөттөр жарандардын активдүүлүгүн жана адистердин профессионалдык ишин көрсөтүп турат»,- деп айтылат маалыматта.
Аралыктан добуш берүү үчүн арыз берүү процесси жөнөкөй жана ыңгайлуу. Катталуу үчүн 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына кирип, «Шайлоочунун кабинети» кызматынан пайдаланып арыз беришиңиз керек. Аралыктан добуш берүү жол-жоболору анкета толтуруу жана арызды ырастоодон турат.
Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтар массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу таратылууда. БШК КР жарандарды узартылган арыз берүү мөөнөтүн пайдаланып, 6-ноябрга чейин бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу арыз берүүгө чакырат.
Баардык суроолор боюнча — 1255, 0550 350 650 (WhatsApp) телефондоруна кайрылыңыздар.
Арыздарды кабыл алуу пункттарынын даректери:
№ | шайлоо участогу | жогорку окуу жайы | калкты тейлөө борбору |
1 | БИШКЕК, Ленин району, Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу, Фрунзе көч. №547 | БИШКЕК, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, проспект Ч.Айтматова 27 | БИШКЕК, Калкты тейлөө борбору: Чокан Валиханов көч. №2 |
2 | БИШКЕК, Октябрь району, райондук мамлекеттик админстрациясынын имараты, “Таберик” балдар музыкалык театрынын залы, Байтик баатыр көч. №17 | БИШКЕК, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, И.Ахунбаев көч.№92 | |
3 | БИШКЕК, Биринчи май району, К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасынын имараты, Огонбаев көч. №242 | БИШКЕК, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Раззаков көч. №51 | |
4 | БИШКЕК, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имараты, Ю.Абдрахманов көч. №167 | БИШКЕК, Туризм академиясы, Чүй проспектиси №99 | |
5 | ОШ, А.Навои атындагы орто мектебинин имараты, Масалиев көч. №37 | ОШ, Ош мамлекеттик университети, Ленин көч.№331 | ОШ, Калкты тейлөө борбору: Касымбеков көч. №8г/1 |
6 | БАТКЕН, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имараты, Ж.Момунов көч.№16 | БАТКЕН, Баткен мамлекеттик университети, И.Жусупов көч. №21 | БАТКЕН, Калкты тейлөө борбору: Мурат Салихов көч. №33/1 |
7 | ЖАЛАЛ АБАД, Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Т.Байзаков көч. №25 | ЖАЛАЛ АБАД, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Спутник к/ш Тарсус көчөсү №1а | ЖАЛАЛ АБАД, Калкты тейлөө борбору: Барпы Алыкулов көч. №1 |
8 | КАРАКОЛ, К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Тыныстанова көч. №26 | КАРАКОЛ, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институту, К.Тыныстанов көч. №46 | КАРАКОЛ, Калкты тейлөө борбору: Гебзе көч. №124 |
9 | НАРЫН, КРнын Президентинин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, Ленин көч. №76 | НАРЫН, Жаштар үйү, Ленин көчөсү №76 | НАРЫН, Калкты тейлөө борбору: Ленин көч. №39 |
10 | ТАЛАС, А.Токтогулов атындагы облусттук китепкананын имараты, Ч.Айтматов көч. №353 | ТАЛАС, Талас мамлекеттик университети, Нуржанов көч. №25а | ТАЛАС, Калкты тейлөө борбору: Дзержинский көч. №28 |