Сүрөт: «АКИпресс»
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкерлери генералдк наамдарынан ажыратылды. Бул маалыматты «АКИпресс» агенттигине президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов тастыктаган.
Аталган жарандарга чин берүү боюнча жарлыкка Сооронбай Жээнбеков президент катары 2020-жылдын 14-октябрында кол койгон. Бул жарлык күчүн жоготту деп таанылды.
Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 10-октябрдагы жарлыгы менен генерал-майор чининен ажыратылгандар:
— ички иштер министринин мурдагы орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич;
— ички иштер министринин мурдагы орун басары Каниметов Мирлан Дотанович;
— Ош ОИИБдин мурдагы жетекчиси Нурдинов Малик Абсаматович;
— УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Салиев Талантбек Тагаевич;
— УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Эркинбаев Санжарбек Нуралиевич.