Айыл чарба министрлиги быйыл тоют нормадан 30 пайызга аз жыйналат деп күтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында ведомство башчысы Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Министр экспортко чектөөлөрдү жана импортко жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштады.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тоют тартыш болгон учурда малды сатуу системасын иштеп чыгуу керектигин белгиледи.
Ал ошондой эле, айыл чарба министрине өкмөт 2026-жылга чейин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздоону убада кылганын эскертти.