![Сүрөттөн сүртүлгөн ойлор Сүрөттөн сүртүлгөн ойлор](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/14.jpg)
Бул кечээги эле мындан бир кылым мурунку жашоонун көмөлдүрүгү. “Жашооң менен жамыраң кал, мынча неге жанга баттың”деген арманды кимге айтмак эле. Ошондо Осоке жаш бала болсо, бул ойлор анын мээ- сине кайдан келмек. Бир алдын ошол учурда Совет Мамлекетинин келип калганына мээң эңшериле ыраазы болосуң. Болбосо биз деле көрмөкпүз да. Мүмкүн азыркыдан да жакшы жашап калмактырбыз. Кандай капсалаңдуу күн болбосун, сыйы жокко, ыйы жок жашоого кабылбасак болгону болчудай. Кимдир бирөөлөрдүн пикиринде азыркы жашоого совет бийлиги болбосо деле келмекпиз, совет өлкөсү бизге эмне кылып койду?-деген талаш-тартыштар дале бар. Бирок, канткен менен совет өкмөтүнүн таасиринде бизге окшогон, кат сабаты жок элдер, өңчөй сабаттуулугу жоюлган.
Бул аңгеменин башын төмөнкү шилтемеден окуңуз.
Азыркы өнүгүп-өркүндөгөн цивилизациялуу жашоого элибиз күрдөөлдүү кирип турбайбы. Өз алдынчалыкка ээ эркин, демократиялуу мамлекет экендигибизди танууга болбойт чыгаар. Коом канчалык өсүү жолунда болгону менен Ооганстанда, Улуу Памирдеги тиричилик кечирген азыркы биздин боордоштордун жашоосун кантебиз. “Шооруң бар да, шооруң бар”-деген кептин маанисинде болуп жатпайбы…? Совет бийлигине каршы чыккан Рахманкул хандын тектештери кыргыздар, Рахманкул хансыз турмушу өтпөй кала тургандай, анын этегине жан төшөп, алыскы адам жытын көрбөгөн улуу тоолорду көздөй сүрүлүп качышпадыбы. Ошондон бери жүз жылдай мезгил өттү. Жашоо жагдайы ошол эле боюнча дешет.Жашоолору примитивдүү, кулчулук доор. Кыргыз өлкөсү алардан кабар алуу үчүн бир канча жолу барып келишти.
Келем дегендерине жол ачык деген ишаарат болду. Көп болбосо да топ-тобу менен Чүй өрөөнүнө, Алайга жайгашышты. Памирлик Ооган жергесинен келген кыргыздар, азыр өз өлкөсүндө күн кечирип жатышат. Адам тагдыры ушундай тура. Тээ өткөн заманда деле адам адам болгон да.
Атам Осмондун атасы Жуманазар сопу, 1930-жылдардын орто чениндеби, ким билсин. Коллективдештирүү учурунда кызылдар келгенде, айылдагы мектептин окуучулары кызыл жагоо тагынып, декламация айта башташат. Ошондо эл арасында олтурган Жуманазар Сопу, буларды көргүм жок, шайтандар келген тура, акыр заман деген ушул белем деген сыяктуу сөздөрдү кайта-кайта айта, артын карабай жардын кырында жер жалтанган жеринен жамбашы менен жыла аңга түшүп кеткенин көрүп, билген ошол учурда эсинде тутуп калгандар кеп кылса керек. Кийин Зулу абабыз бизге аңгеме куруп айтып берчү.
Ал жаш өспүрүм балдар менен ойногонду жакшы көрчү. Чүкө ойногонду да, башка оюнду да өзү теңдүүлөр менен ойноочу эмес. Ошондон улам, айыл аксакалдары Зулуну бала мүнөз дешип, анын ким экендигине анча маани беришпеген сыяктуу. Азыр ал киши жок кайтыш болгонуна деле жарым кылымга жакын убакыт болду окшойт. Мезгилиң түшкүр өтө мыкаачы келет деген кеп да. Илгери азыркыдай усталар үчүн курал-жабдыктар кайдан. Сакалчан узун-узун тажиктер узун саптуу бай тешесин көтөрүп усталар айыл аралап келишет эле. Аларды жумушуна зар болгондор үймө-үй кезекке туруп иштетишет болчу. Там жабууда тал-терек сыяктуу, жумуру жыгачтарды кадимкидей төрт кырлуу сомдоп чаба турган. Бай тешик менен тажик, өзбек усталар кара чапанын жайында да чечпей, илас курларына эки этегин белине кыстара коло сомдогондо чапкан сайын асманга учкан чамындылар үй бою көтөрүлүп жерге түшөөр эле. Отунга зар апам ошондо чамынды чогулт, очокко жагабыз деген сөзү чамынды болуп кулакка сиңип калган экен. Көп жолу чамынды көрсөм эле балалыгым эске түшө өзүмчө, эреркеп кетем…
****
Ыйлайм! Ушунун учугу кайда экенин башы томолок, этеги ачык чаткайактуу жер үстүндө эң гумандуу пендемин деп басып жүргөн, сүт эмди кайдан түшүнсүн. Бул макулук адам. Адамдан өткөн жырткыч жок. Мен апамды көп ойлой берем. Апам өзүнчө пенде экенин, апамдын денесинен бөлүнүп чыккандан соң, эрезеге жетип, эңшерилгенден кийин өзүмчө эзилип турбаймынбы…
Жашоо, жашоо жана жашоо. Шөмтүрөгөн турмуш пенде болбосо жаратылыш эмне болмок, аны деле турмуштун, жаратылыштын, адам деген макулуктун кыялына тагдырлаш жаратылыш чыдап келе жатпайбы. Апам өзгөчө жан эле. Аты Жумагүл. Жаным өзүмдө калса да апама жынымды берүүгө даяр элем. Ыйык киши эле. Ал кишинин жашоосунун көп тагдырын жазган, калем учу менен жыйынтыктай албайбыз.
Апамдын жалгыз аяк таштаган кадамын, атамдын бүтүндөй жашоосуна алмаштыра албаймын. Апамдын түйшүктүү сүргөн өмүрүндө, жакшы күн көрбөгөндөй сезилип кетет. Жашоону баамдай, баразмандай албай. Ошондон ой жүгүртүп жаткан пенде чыгаарбыз. Жашоосунда түйүлдүктөн жарыкчылыкка апанын жанынан чыккан адам макулугу уламыштан калган уламалуу жашоодон жыйынтыкталган мен-менсинүүнүн кекээрдүү макулугу турбайбызбы. Ушинтип кейип-кепчүүнүн, сансыз-санаанын түпкүрү өмүр талаасында уланып келе берет тура. Мунун баары ата менен апанын жер үстүнөн жандуу карааны шыпырылган соң, сай-сөөгүң сыздаганы, сыздаган экен. Ошентип эле жашап келүүдөбүз. Биз Осмон менен Жумагүлдөн он бир тууганбыз. Алардын сегизи бар. Экөө оору сыркоосуз ажалдын каплеттүүлүгүнө кабыла аалам сала кете берген. Калгандарыбыз уядагы жашоодон эбак бел бууп, турмуштун чоң казанында өмүрлүк жашообузду өткөрүп келебиз. Келчү турмуштун уламасында кыйналганыбызга көп жылдар болуп калды. “Атадан алтоо болгон соң, ар жалгыздык башта бар”-деген накыл сөздүн баамы тупа-туура деген оюңдун чындыгына ынанат экенсиң. Бардык бир туугандарым өз тиричиликтери менен жүрүшөт. Уядан тарап кетээрге чейин, кандай жашоого карабай мамыр-жумур болсок, учурда айлап, жылдап жолукпай калган учурларыбыз көп эле болот.
“Туугандын топурагы алтын” деген сөздө калет жок белем. Кайда жүрсөм да, барын оюма бир кылт этирмейим бар. Анан калса тууганын ким таштап коймок. Таңдандырганы атам менен апам кантип чоңойтту экен дейм да. Баланын түйшүгү, тарбиясы да бир топ машакаттуу эмеспи. Алар менин көз алдымда балдарын көп түйшүк менен уядан учурганын билем. Жашообуз жупуну эле. Атам койчу болгондуктан, жылдап айыл аралап жашабаганыбызды жаштыгымда көп кечирдим. Короо айылдан бир топ алыс болгондуктан мен мектепке жети жашымдан барбай калып, бир жылдан кийин 1-класстын босогосун аттаптырмын.
Көп жылдап кой короолор салынган Тайгак-Таш, Сары-Күңгөй, Шаа-Мырза, Ак-Чалка, Таш-Короо, Шоро деген жерлердеги сарайларда кыштап жүргөнбүз. Мен он сегиз жашыма чейин ата-энемдин колунан көп алыстаган жокмун. Дайым жанында жүрдүм. Анткени алардын жашоосу мектептен тамга тааныганда, андагы кызыл үйлөрдөгү (азыркыча китепкана) китептерди барактаганымданбы ой-дүйнөмдү бийлеп алчу. Жаш болсом да апам менен атамды кыйналбаса экен деген дүрбөлөңдүү дүбүрт оюмда тура берчү. Ошентип жүрүп балалыгымдын баамчыл жылдары түгөл аскерге аттанаарга чейин ата-энемдин жанында өттү…
(Уландысы бар)
Маматазим Жуманазаров
1 комментарий для “Сүрөттөн сүртүлгөн ойлор”