[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, аңчылык боюнча адиси менен биргеликте NABU-Кыргызстан уюмунун «Барс тобу», «Барс тобу-2» бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Сузак районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд өткөрүштү.
Анын жүрүшундө Чымчык-Жар айылында аңчылык кылып жүргөн төрт жаранга текшерүү жүргүзүшкөн. Алардын үчөөнүн аңчылык кылууга жана мергенчилик курал көтөрүүгө уруксат кагазы бар экени, ал эми бирөөнүкү жок экени аныкталган. Уруксаты барлар бир чөө, 19 жапайы көгүчкөн атышкан.
Мындан улам, уруксат кагазы жок Г.С. аттуу жарандын мергенчилик куралына акт түзүлүп, башкармалыктын курал сактоочу атайын жайына өткөрүлүп берилди. Ошентип ал жаран “КР Укук бузуу кодекси” боюнча тиешелүү административдик айыппулун төлөй турган болду.
NABU-Кыргызстан уюму, мамлекеттик тийиштүү органдар менен биргеликте ушундай рейддерди тынымсыз өткөрүп келет. Алар буга чейин да мыйзамсыз аңчылыкка чыккан жарандарды аныкташкан. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү айыппулдар төлөнгөн. Уюмдун негизги максаттарынын бири – жергиликтүү тургундарга жапайы жаратылышка аяр мамиле кылууну түшүндүрүү болуп саналат.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]