Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Израиль, Тайвань жана Украина үчүн жалпы суммасы 95 млрд долларды түзгөн аскердик көмөк көрсөтүү мыйзам долбооруна кол койду.
Ошондой эле, аталган мыйзам долбоорунда «ТикТок» тиркемесине тыюу салуу жана чектөөгө алынган орус жарандарынын активдерин сатууга уруксат берүү каралган.
АКШ Израиль үчүн 26 млрд доллар, Индо-Тынч океаны аймагындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн Тайванга 8 млрд, Украинага аскердик көмөк көрсөтүү үчүн 61 млрд доллар акча бөлөт. Бул каражат кредит катары берилет.
Американын Украинага аскердик көмөгүнүн 1 млрд долларлык алгачкы пакетинде абадан коргонуу үчүн ракета, танкага каршы система, артиллериялык снаряд, аскер унаасы, ташылып жүрө турчу ракеталык комплекстерди жиберери Пентагон жарыялаган тизмеден белгилүү болду.
Аталган мыйзам долбоорун палата карап, 20-апрель күнү Америка Конгрессинин Сенаты жактырган. Украинага жардам көрсөтүүчү долбоору 2023-жылдын октябрь айынан бери кармалып турган. Бул каражаттын ичинен 20 млрд доллардан ашыгы америкалык запасты толтурууга пайдаланылат. Ал эми 14 млрд доллары курал-жарак сатып алууга бөлүнөт.