Ош шаарындагы «Исламбек» кафесинин имараты мыйзамсыз. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн № 143 дарегиндеги “Исламбек» кафесинин имаратынын курулушуна жана кайрадан реконструкциялоого тийиштүү уруксат иш кагаздары жок.
Андан сырткары пландан тышкары текшерүүдө кафенин түштүк тарабындагы муниципалдык жер тилкесине тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп 4,0х10,0 метр келген жер төлөө жана ага кирүүчү тепкичтерди (лестница) куруп алгандыгы аныкталган.
«Төмөнкү жагдайлардан улам тийиштүү материалдар Ош шаардык сотуна, доо арыз менен өткөрүлүп берилип, азыркы учурда соттук териштирүү жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Кийинки соттук отурум 2024-жылдын 15-майында болот.