Бүгүн, 17-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн жети дубанынан 200дөн ашык энелер жөө жүрүш уюштуруп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, ыраазычылык катын тапшырды.
Ак элечек кийген энелер С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттан өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына келишти.
Анда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү көрсөтүлүп, 7 дубандан келген энелер бата берип, иш-чара андан ары концерттик программа менен коштолду.