Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү ата-энелерди акыркы коңгуроо жана башка салтанаттар үчүн балдарга унааларын бербоого чакырат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы коңгуроо, мектеп менен коштошуу кечеси жана башка окуучулар арасында, өспүрүмдөр, жаш балдар арасында болуучу салтанаттар үчүн балдарга ата-энелер унааларын бербеши керек. Анткени, акыркы учурда балдар катышкан ар кандай жол кырсыктары катталууда.
Кара-Суу районунда акыркы 4 айда 89 жол кырсыгы катталып, 9 жаран каза болгон. 165 жаран ар түрдүү жарааттарды алышкан. Ал эми өспүрүмдөр арасында 20 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 22 адам жараат алган.
«Урматтуу ат-эне, балаңызды тагдыры сиздин колуңузда. 25-майга карата ар түрдүү салтанаттар үчүн балдарыңызга унааларыңыздарды бербеңиздер»,- деп айтылат маалыматта.