![Ирандын президентти отурган тик учактын кулашы боюнча болжолдуу маалыматтар айтылды Ирандын президентти отурган тик учактын кулашы боюнча болжолдуу маалыматтар айтылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2614282.9d4c876741e016f47597690d07d9a98f.jpg)
Ирандын Коргоо күчтөрүнүн Башкы штабы президент баштаган делегация отурган тик учактын кырсыкка учуроо жагдайлары боюнча болжолдуу маалыматтарды жарыялады. Бул тууралуу «IRNA» маалымдады.
Маалыматка ылайык, кырсыктын так себебин аныктоого көбүрөөк убакыт талап кылынат. Болжолдуу түрдө тик учак белгиленген багыт боюнча бара жаткан. Кырсыкка чейин 1,5 мүнөт мурда аны менен бирге учуп келе жаткан эки тик учактын учкучтары менен байланышка чыккан.
«Тик учактын бөлүгүндө окутн издери же октун өзү табылган жок»,- деп айтылат маалыматта.
Тик учак тоого урунуп кулаган. Учкуч менен диспетчерлердин баарлашуусунда да шек жарала турган нерсе болгон эмес. Тик учакты издөө иштери түнү менен жүргүзүлүп, аба ырайынын шарттарына байланыштуу оорлошкон. Андагы маалыматта кулаган тик учакты Ирандын учкучсуз учактары аныктаганы айтылат. Буга чейин түрк тарап кырсык болгон жерди «Акынжы» учкучсуз учагы аныктаганын билдирген.
19-май күнү кечинде Раиси бараткан тик учак Ирандын түндүк-батышындагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын адырлуу жеринде дайынсыз жоголгон. Иран делегациясы Азербайжандан кайтып келе жаткан. Тик учакты издөө иштери он сааттан ашык созулган.
20-май күнү эртең менен Mehr мамлекеттик агенттиги Ирандын президенти Ибрагим Раиси каза болгонун кабарлады. Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури Раисинин өлгөнүн тастыктады. Президент менен бирге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малик Рахмати жана тик учакта болгон дагы бир нече адам набыт болгон.
Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер шайлоого чейин өлкөгө жооптуу болот. Президенттин өлүмүнө байланыштуу ирандыктар 5 күн аза күтүшөт.