![Кыргызстанда энергетика, айыл чарба, органикалык жер иштетүү багытарына басым жасалат Кыргызстанда энергетика, айыл чарба, органикалык жер иштетүү багытарына басым жасалат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/photo_5955060933334250699_x_tdhopgd.jpg)
Энергетика, айыл чарба жана органикалык жер иштетүү боюнча долбоорлордун концепциясы Жашыл климаттык фондунда каралууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин алдындагы Климатты каржылоо борборунун башчысынын орун басары Асель Мадыбаева бүгүн, 27-май күнү Казакстандын Алмата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык илимий конференциянын экинчи күнүндө журналисттерге билдирди.
- Аталган илимий конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, министрликтер, климат, экология боюнча адистер катышууда.
Анын айтымында, учурда ири долбоорлордун концепциясы Жашыл климаттык фондунда каралып жатат. Мындан сырткары, учурда ири долбоор бар, бирок, аны ишке ашыруу узак мөөнөттү талап кылат.
![Кыргызстанда энергетика, айыл чарба, органикалык жер иштетүү багытарына басым жасалат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/77133043-e7e2-4a4c-acf3-0f2e00ea7613-1024x562.jpg)
Асель Мадыбаева
«Долбоордун экинчи фазасы – бул борбордун негизи милдеттеринин бири – климатты каржылоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны каржылоону жогорулатуу маселелери болуп саналат. Борбордо Долбоорлорду даярдоо фонду бар. Фонд идеяларды топтоштурат. Климаттык приоритеттүү долбоорлорду иштеп чыгат. Иштелип чыккан концепция боюнча климаттык фондду иштетип, эл аралык уюмдар менен көп тармактуу өнүгүүлөрдү каржылоочу банкттар менен иштешебиз. Борбор Жашыл климаттык фондунун байланыш жүзү болуп саналат. Азыркы учурда Жашыл климаттык фондунда биздин үч долбоорубуздун концепциясы каралууда»,-деди ал.
Асель Мадыбаева кошумчалагандай, Жашыл климаттык фондунан Борбор Азиядан биринчилерден болуп АРИС уюму каттоодон өттү. Эми Климатты каржылоо борбору АРИС аркылуу долбоорлорду ишке ашырса болот.
«Учурда АРИС уюму да Жашыл климаттык фондунан аккредациядан өттү. Бул Жашыл климаттык фондунан аккредациядан өткөн Борбор Азиядагы биринчи уюм болуп саналат. Эми АРИС өз алдынча климаттык долбоорлорду даярдаса болот. Буга чейин биз долбоорлорубуз эл аралык уюмдардын жардамы менен гана даярдачубуз. Азыр АРИСтин жардамы менен долбоорлорду ишке ашырсак болот», -деди ал.
![Кыргызстанда энергетика, айыл чарба, органикалык жер иштетүү багытарына басым жасалат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/photo_5377404595279617673_y_txpehlw-768x1024.jpg)
Сүрөт Алматыда өтүп жаткан Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык илимий конференциядан.
Борбор Кыргызстанда приоритеттүү долбоорлор катары энергетика, айыл чарбасы жана органикалык жер иштетүү тармагы каралууда.
«Бизде азыр приориеттүү долбоор катары энергетика тармагы каралып жатат. Экинчи приоритеттүү багытыбыз – айыл чарбасы, органикалык жер иштетүү, ирригация иштери болуп саналат. Үчүн приеоритеттүү багытыбыз- шаарлардын инфраструктуралары боюнча болот. Жогоруда Жашыл климаттык фондуна каралып жаткан концепциялар ушул багыттагы долбоорлор.
Азыр бизде ишке ашыра турган ири долбоорубуз бар. Аны ишке ашыруу процедурасы абдан узак. Көп убакытты алат. Бир жыл эмес, эки-үч жылды камтыйт. Андыктан, тез убакытта жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес. Бул ушундай ар дайымкы жумуш. Мындан сырткары, потенциалдуу долбоорлорго басым жасайбыз. Алдыда мамлекеттик кызматкерлер үчүн, жеке секторлор үчүн, бизнес тармагы үчүн билим берүү жаатындагы иш-чаралардын жыйындысы бар. Биз бизнесмендер, жеке секторлор менен иштөөнү каалайбыз. Анткени, жеке секторлорсуз долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн эмес. Анан калса азыркы учурда биз иштешип жаткан көп функциялдуу банктар мамлекеттик кызматкерлер үчүн, жеке секторлордун катышуусундагы долбоорлорго басым жасайт.