![Алайда Кызыл китепке кирген канаттууларды жана суурду аткан аңчылар колго түштү Алайда Кызыл китепке кирген канаттууларды жана суурду аткан аңчылар колго түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/6e402bf2-0a85-4c39-a886-67f467efbf7f-1024x768.jpg)
29-майда Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынын четинен Кызыл китепке кирген шумкар жана карчыга сымалдуулар түркүмүнө кирген эки гималай кумайын (Cнежный гриф-Gyps himalayensis) жана бир кызыл суурду мыйзамсыз аткан эки жаран кармалды.
Аларды Алай райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, райондун аңчы адиси жана NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери, пландан сырткары жүргүзүлгөн атайын рейддин алкагында колго түшүрүштү.
![Алайда Кызыл китепке кирген канаттууларды жана суурду аткан аңчылар колго түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/7a2eb219-e182-4d70-bfbd-1b7e69c4289c-768x1024.jpg)
Аталган факт боюнча акт түзүлүп, Алай райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыгарылды.
![Алайда Кызыл китепке кирген канаттууларды жана суурду аткан аңчылар колго түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/cc6a9ea3-3e3a-4c74-bde7-ce13f2e3a04d-768x1024.jpg)
Бул канаттуу негизинен Кыргызстандагы Алай жана Тянь-Шань кырка тоолорун байырлап, аска зоолордо уялайт жана мал жандыктардын тарпы менен тамактанат. Алар “Кызыл китепке” киргизилгендиктен, кумуйга 100 миң, ал эми кызыл суурга 3 миң сом айыппул каралган.