Жаңырган, жаңыланган, жаңы макамдагы Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – Ош мамлекеттик университетиндеги тарыхый калыптануусу, азыркы өнүгүүсү жана көп профилдүүлүгү боюнча да, илимий-педагогикалык, окуу-усулдук жана материалдык-техникалык потенциалы боюнча да өзгөчөлөнгөн структура. Бүгүн бул институт Кыргызстандын жана Фергана өрөөнүнүн масштабында биология, химия, география, туризм, ветеринария, агрономия, геодезия жана дене тарбия багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча таанылган билим берүү жана илимий борбор болуп эсептелет.
Институттун тарыхынан
Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы №1142-токтому менен Ош мугалимдер институту ачылып, 1940-жылы анын базасында биринчи жолу табият таануу-география адистигине студенттер кабыл алынган. 1944-1945-окуу жылында 1-курсуна 59 студент кабыл алынган. 1951-жылдын 18-июлунда Кыргыз ССРнин КП БКнин жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин биргелешкен токтомунун негизинде Ош мамлекеттик педагогикалык институту түзүлүп, табият таануу жана география кафедрасы ачылган. 1952-1953-окуу жылында табият таануу факультетинде ботаника, зоология, химия жана дене тарбия кафедралары өз ишмердүүлүктөрүн алып барышкан. 1954-1955-жылдары табият таануу факультети биология факультети деп аталган.
1960-жылы география боюнча жаңы адистер даярдала баштаганына байланыштуу табият таануу жана география факультети деп өзгөртүлгөн. Анын материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасын кеңейтүү үчүн Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде агробиостанция түзүлүп, ал жерде ботаника, зоология жана айыл чарбанын негиздери предметтери үчүн лабораториялар ачылган.
1966-1973-жылдары табият таануу жана география факультети кайрадан биология факультети деп аталып, иш алып барган.
1988-жылы факультет азыркы пайдаланып жаткан жаңы имаратка көчүү менен анын материалдык-техникалык базасы жаңы сапатка көтөрүлгөн.
2012-жылы Кыргызстандын жогорку билим берүү эки баскычтуу билим берүү системасына өткөндүгүнө байланыштуу факультетте бакалавр жана магистратура боюнча даярдоо иши башталган.
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 28-январындагы чечими жана ректордун 2022-жылдын 3-мартындагы буйругунун негизинде табият таануу жана география факультети табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети болуп кайра түзүлдү.
Факультеттин өнүгүү тарыхында заман талабына жана студенттердин санынын өскөндүгүнө байланыштуу структуралык бөлүнүүлөр болуп келди: 1990-1992-жылдары география, 2002-2009-жылдары география жана жаратылышты пайдалануу, 2005-2008-жылдары химия жана фармацевтика факультеттери өз алдынча иш алып барышкан. Ар жылдары факультеттин структурасында колдонмо геодезия, туризм, ветеринария, агрономия сыяктуу жаңы багыттар ачылды.
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы чечими жана ректордун 2024-жылдын 22-июнундагы буйругунун негизинде табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети дене тарбия факультети менен бириккенине байланыштуу Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту болуп түзүлдү.
Факультеттин калыптануу жана өнүгүү тарыхында төмөнкүлөр жетектеп келишти: Пискарев К.В., б.и.к., доцент (1957-1966), Алышбаев Б., б.и.к., доцент (1966-1973), Жумабаев Ч.Ж., м.и.к., доцент (1974-1986), Мурзубраимов Б.М., х.и.д., профессор (1986-1988 жана 1990-1993), Киргизбаев А.К., б.и.к., доцент (1988-1990), Алтыбаева Д.Т., х.и.д., профессор (1993-1998), Токтомаматов А.Т., х.и.д., профессор (1998-2003), Жумабаева Т.Т., б.и.д., профессор (2003-2005), Коланов О.К., б.и.к., доцент (2005-2013), Мамытов Т.А., х.и.к., доцент (2013-2019).
2019-жылдын 19-январынан бери институтту г.и.д., профессор А.Г.Низамиев жетектейт.
Бүгүнкү өнүгүү
Институттун илимий-педагогикалык потенциалы, материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасы азыркы жогорку мектептин бардык талаптарына жооп берет. Адистерди сапаттуу даярдоо багытында эл аралык стандарттарга ылайык келген шарттар толук түзүлгөн.
Институттун жетекчиси, проф. Низамиев А.Г. эл аралык конференцияда
Окуу процесси жана илим изилдөө иштери 11 кафедрада жүргүзүлөт:
Кафедранын аталышы | Башчысы |
Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулдары | ага окутуучу Уметалиев М.Т. |
Зоология, экология жана биоинженерия | б.и.к., доцент Абдыкааров А.М. |
Химия жана химиялык технологиялар | т.и.к., доцент Полотов И.Ж. |
Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануунун концепциялары | г.и.к., доцент Шербаева З.Э. |
Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм | г.и.к., доцент Самиев К.Т. |
Ветеринардык медицина жана биотехнология | а.ч.и.д., профессор Абдурасулов А.Х. |
Агрономия жана колдонмо геодезия | б.и.к., доцент Муратова Р.Т. |
Дене тарбиянын физиологиясы, теориясы ана методикасы | ага окутуучу Камилов Р. |
Спорттук жана улуттук оюндар | ага окутуучу Сабиров С. |
Факультеттер аралык № 1 дене тарбия | доцент Карабаев Р. |
Факультеттер аралык № 2 дене тарбия | доцент Кулуев Б.М. |
Бул кафедраларда жаңы билим, заманбап усулдар жана технологияларды колдонуу менен студенттерге билим берүүдө чоң тажрыйбаларга жетишкен 150дөн ашык жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет. Алардын ичинен 2 КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер (Алтыбаева Д.Т., Матикеев К.), 1 КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (Алтыбаева Д.Т.), 2 эл аралык даражадагы калыс (Оморов Т., Сатиев Т.), 6 илимдин доктору, профессорлор (Абдуллаева М.Д., Абдурасулов А.Х., Алтыбаева Д.Т., Матикеев К., Низамиев А.Г., Тажибаев А.), 8 КРнын спортунун чеберлери (Абдыкадыр кызы А., Алдашукуров Р, Алимбекова А., Зарылбек уулу Н., Мазитов Р., Сапиев Ж., Таирбек уулу Э., Ысмаилова Н., ), 25 КР спортунун чеберлигине талапкерлер, 45 илимдин кандидаты эмгектенет.
2024-жылдын 29-июнуна карата институтта жалпысынан 2626 студент жана магистрлер билим алып жатышат, алардын ичинен 982 студент (магистрлер менен кошо) көндүзгү бөлүмдө окушат. 383 студент чет элдиктер болуп саналат. Студенттик коомчулукту негизинен Кыргызстандын түштүк областтарынан жана Ош шаарынан келгендер түзөт. Чет өлкөлүк студенттерден Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү билим алышат.
Институт окуу, илимий, спорттук, маданий-тарбиялык жана эс алуу иштери үчүн толук шарттары бар материалдык-техникалык базага ээ: аудиториялар (анын ичинде илимий лабораториялар), окуу кааналары, чоң актылык залдар, компьютердик класстар, спорт залдары жана аянчалары ж.б. Мындан тышкары адистештирилген кааналар бар: академик Б.Мурзубраимовдун өмүр жолуна, илимий-педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналган музей, профессор профессор Ч.Жумабаев атындагы анатомиялык окуу музейи, профессор Б.Кулназаров атындагы окуу-илимий борбор, профессор К.Матикеев атындагы окуу кабинети, таксидермия лабораториясы, 5000 аталыштагы коллекциясы бар гербарий фонду, спорт зал жана футбол аянтчалары, 60000 китеби бар китепкана, 5,8 га аянттагы ботаникалык бак ж.б.
Зоологдор иш учурунда
Акыркы 5 жылда билим берүүнү, илим изилдөөнү, тарбиялык иштерди, эс алууну талапка ылайык уюштуруу максатында институттун окуу корпусунда, ага тиешелүү обьектилеринде толук кандуу реконструкция жана оңдоп-түзөө иштери алгылыктуу жүргүзүлдү: окуу корпусунун алдыңкы аянты негизги профилдерди чагылдыруу менен кайрадан түзүлдү; ботаникалык бактын территориясынын калк жашаган жер менен чектешкен тарабы темир-бетондолуп тосулду; 2023-жылдын 5-октябрында түштүктөгү эң алгачкы 5 кабаттуу ветеринардык клиника жаңы имаратта өз кызматын көрсөтүүнү баштады; окуу корпусунун бардык терезелери темир-пластикке алмаштырылды; андагы жылытуу системасы толук жаңыланды; корпустун фоеси жана коридорлору европалык стандартка келтирилди; чоң актылык зал заманбап талаптарга жараша жаңыланды; окуу корпусунун дарактарын жана төшөлмө чөптөрүн (газондорун) суугаруу маселеси өз алдынча агым системасын менен чечилди; корпустун ортолук аяттары эс алуу үчүн шарттары менен жасалгаланды; спорт залда (көрүүчүлөр секторун кошо куруу менен)кайра куруу иштери жүрүп жатат; 2019-жылы эл аралык долбоорлордун негизинде 2 жаңы борбор жабдуулары менен ачылды: Мейкиндик маалыматтарды талдоо жана кырсыктар тобокелчиликтерин азайтуу технологиялары боюнча эл аралык борбор (62 миң евро), Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору (12 миң евро); 2021-жылдын 11-мартында профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы ишке кирди ж.б.
Окуу жана илимий иштер
Институтта окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын жана дүйнөлүк стандарттарды киргизүү боюнча үзгүлтүксүз иш алынып барат. Окуу процессинин баары интерактивдик жана инновациялык усулдарды колдонууга багытталган. Окутуу эл аралык программалар жана стандарттарга ылайык кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Билим алуу мезгилинде студенттер негизги адистикке катар бир чет тилин үйрөнүшөт жана өнөктөш-ЖОЖдордо билимин улантууга, практика өтүүгө, ал эми бакалавриатты аяктаганда магистратурага, андан ары аспирантурага жана докторантурага тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат.
Окуу процессинде студенттердин адистешүүсүн эске алуу менен окутууну жеке уюштурууга көп көңүл бурулат. Учурдагы жана келечектеги суроо-талаптарды аныктоо менен жаңы тандоо курстары иштелип чыккан. Сабактарды окутууну жакшыртуу үчүн азыркы билим технологияларын киргизүү боюнча усулдук семинарлар уюштурулат.
Сабактарды өтүүнүн сапатын баалоодо төмөнкүлөр сөзсүз түрдө каралат: методикалык жабдуулар, окутуучу–студент мамилеси, материалдын жаңылыгы, мисалдардын болушу жана алардын пайдалуулугу, презентациянын болушу, көрсөтмөлүүлүк (анын ичинде техникалык каражаттар), практикалык окуунун сапаты, компьютердик жана маалыматтык технологияларды колдонуу, сабакка катышуу, жеке көзөмөл, аткарылган иштин натыйжалары, лабораториялык жабдуулар, лабораториялык иштерди аткаруу боюнча уюштуруу иштери, илимий изилдөө иштеринин үлүшү, алдын ала интервью системасы, лабораториялык жана практикалык иштерди тапшыруу ыкмасы ж.б.
Сабактарды окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууда адистештирилген кааналарга чоң көңүл бурулат. Алар окутуучулар тарабынан окуу процессин жакшыртууга, студенттерге курстарды өз алдынча өздөштүрүүдө жардам берет. Багыттар окуу адабияттарынын жетиштүү санына ээ, эл аралык циклдеги окуу куралдарынын электрондук варианттары бар. Китепканага курстар боюнча жаңы окуу жана илимий адабияттарды алуу боюнча иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Ошондой эле сабактардын электрондук курстарын даярдоого, окуу жана окуу-усулдук адабияттарды басып чыгарууга өзгөчө көңүл бурулат.
Окутуучулар тарабынан окутуунун активдүү формалары өткөрүлөт: тегерек столдор, саясий дебаттар, диспуттар, иштиктүү оюндар, аудио- жана видеоматериалдар пайдаланылат. Ачык сабактарга катышуу алкагында жаш адистер улук кызматкерлерден тажрыйба алышат, окутуунун жол-жоболорун жана ык-шыктарын, интерактивдик жана инновациялык усулдарын үйрөнүшөт.
Институттун окуу жана окуу-усулдук иштеринде айырмасы теориялык алынган билимдерди талаа шарттарында практикалык жактан бышыктоо жана толуктоо болуп саналат. Мына ушуга байланыштуу окуу-талаа практикаларын өткөрүүгө өзгөчө басым жасалат.
Алдыда жамааттын көңүл борборунда жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону күчөтүү, табигый илимий билим берүү (биология, химия, география), дене тарбия, туризм, геодезия жана айыл чарба тармактарындагы актуалдуу маселелерди окуп-үйрөнүү, жаңы өнүгүү шарттарында окуу процессин жакшыртуу боюнча талаптарга ылайык иш-аракеттерди күчөтүү турат.
2022-жылы география багытынын 4-курсунун студенти Жыргалбек уулу Амантур Президенттин стипендиясы менен сыйланды.
Институт илимий потенциалы боюнча ОшМУдагы алдыңкы структуралардын катарына кирет жана илим изилдөө иштери активдүү түрдө алынып барат. Алардын алкагында илим изилдөө долбоорлору, диссертациялык иштерди даярдоо, илимий эмгектерди басып чыгаруу, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын окуу процессине киргизүү, ар түрдүү илимий иш-чараларга катышуу, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин конференцияларын уюштуруу жүргүзүлөт. Илим жумалыгын өткөрүү жылдык салт болуп эсептелет. Ал жаш окутуучуларды жана студенттерди илим изилдөө иштерине тартуунун жана алардын кесиптик өнүгүүсүнүн пайдалуу формасы болуп калды. Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы тарабынан жылда Кулназаровдук окуулар өткөрүлөт; 2019-жылдан бери профессор К.Матикеевдин туулган күнүнө карата Матикеевдик окуулардын алкагында атайын илимий семинар өткөрүлүп, материалдары өзүнчө жыйнак болуп чыгууда.
Илим изилдөө жаатында кызматкерлердин төмөнкү иштерин белгилеп өтүүгө болот: быйылкы жылы ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата 2 эл аралык масштабдагы илимий иш-чарларды уюштура алдык: 2024-жылдын 26-27-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КР ИАнын корреспондент-мүчөсү, “Данк” медалынын ээси, биология илимдеринин доктору, профессор Б.Каримованын 85 жылдыгына арналган «Туруктуу өнүгүүнүн жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэриясынын өкүлү, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн (Улуу Британия, Болгария, Польша (онлайн), Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары, адистери, докторанттары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери катышышты. Конференциянын жыйынтыгы боюнча 50 макала Scopusта индекстелген «E3S Web of Conferences»журналына, 32 макала “ОшМУнун жарчысына” кабыл алынды. 2024-жылдын 30-майында «Жылкылардын аборигендик породаларын сактоо: көйгөйлөрү, келечеги жана анын туризмди өнүктүрүүдөгү ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Араван райондук администрациясында болуп өттү. Конференцияга Кыргызстандын окумуштуулары менен катар Казакстан, Корея, Кытай, Россия, Өзбекстандан жоон топ илимпоздор келишти. Ошондой эле КР Жогорку Кеңешинен депутат Нурбаев Ж.П., аким Кулубаев С.Д. баштаган жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ишкана-уюмдардын кызматкерлери катышты. Scopus эл аралык түзүмдөрдө чыккан макалалардын саны өсүүдө жана 2024-жылга 30дан ашык макала чыгып жатат. Ошондой эле эл аралык конференцияларда илимий докладдар менен чыккандардын саны көбөйүп жатат.
2023-жылы ОшМУда “Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” аттуу Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика концепциясын ишке ашыруу, “окуу-илим-өндүрүш-бизнес” түзүмүн ишке ашыруу жана экономиканы экологиялаштыруунун илимий-практикалык негиздерин иштеп чыгуу максатында жаңы Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимийизилдөө институту ачылды.
ОшМУда 2022-жылга карата гранттык долбоорлордун конкурсунда факультеттин кызматкерлери тарабынан жалпы 14 гранттардын ичинен 8 долбоор утуп алынды. Долбоорлордун жалпы суммасы 9972846,5 сомду (жалпы гранттардын 57,4%ы) түзөт. Биздин окумуштуулар талаа жана камералык изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий экспедицияларды уюштуруу, эң негизгиси илим менен өндүрүштү жана бизнести айкалыштыруу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.
Студенттер дагы илимий иш-аракеттерге зор кызыгуу менен катышат. Алар билимдердин бышыкталышына, конкреттүү илимий тапшырмаларды аткарууга шарт түзгөн учурдун актуалдуу темалары боюнча курстук, дипломдук иштерди жана илимий баяндамаларды даярдашат. Студенттердин илимий иштерге кызыгуусунун артуусу жылда өткөрүлүүчү студенттик конференцияларда жасалган баяндамалардын санынын өсүшү менен көрүнөт.
Эл аралык байланыштар
Институтта чет өлкөлүк ЖОЖдор жана илимий мекемелер менен болгон эл аралык кызматташууну кеңейтүү багытында максаттуу иш-аракеттер белгиленип, бул багытта университетте алдыңкы саптарда турат. Бул аракеттер окуу жана илимий процессине жаңы технологияларды жана эл аралык тажрыйбаларды жигердүү киргизүүгө жол ачып келет.
Акыркы жылдары эл аралык кызматташуу алкагында дүйнөнүн бир катар окуу жана илимий мекемелери менен кызматташуу келишимдери түзүлгөн: Кокон мамлекеттик педагогикалык институту (2020), Самарканд ветеринардык медицина институту (2020), Андижан айыл чарба жана агротехнологиялык институту (2021), Мал чарбачылыгы жана канаттуулар чарбачылыгы илимий-изилдөө институту, Өзбекстан (2021), Самарканд мамлекеттик университети (2021), Ташкент мамлекеттик агрардык университети (2021), Слупскдеги Помор университети, Польша (2022), Альфраганус университети, Өзбекстан (2023), Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Сочава атындагы География институту (2023), Болгария илимдер академиясынын Биоар түрдүүлүк жана экосистемаларды изилдөө институту (2024), Ургенч мамлекеттик университети (2024) ж.б.
Акыркы учурда илимий-изилдөө багытында кафедралардын чет элдик университеттер жана эл аралык уюмдар менен байланыштары күчөй баштады. Институттун профессордук-окутуучулук курамынын чет өлкөлөргө иш сапарлары күчөө менен бирге эле бизге чет элдик университеттердин өкүлдөрүнүн иш сапарларынын саны өсүп жатат: Болгария илимдер академиясынын Биоар түрдүүлүк жана экоситемаларды изилдөө институту (PhD доктору Дундарова Х., 2019), Урал мамлекеттик педагогикалык университети (г.и.к., доцент Оксана Я., 7 студент, 2021), Самарканд ветеринардык медицина университети (в.и.к., доцент Рузикулов Н.Б., 2021), Абай атындагы Казак мамлекеттик педагогикалык университети (г.и.д., профессорлор Каймулдинова К.Д., Мазбаев О.Б., 2021), Казань федералдык университети (х.и.к., доцент Мельникова Г.Ф., 2021), Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (г.и.к., доценттер Горячко М.Д., Даньшин А.И., 15 студент, 2022) ж.б.
Эл аралык долбоорлор менен иштөө жана инвестиция тартуу: Евросоюздун Ерасмус+ программасынын “Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарын колдонуу менен кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу” аттуу долбоору (Низамиев А.Г., Камчиев У.М., Момошева Г.А., Умаралиев Р.А., 2017-2021), 5 млн сом өлчөмүндө инвестиция тартылды; Өнүгүү жана кызматташуу боюнча швейцариялык башкаруунун (SDC) “Кыргыз Республикасындагы Хельветас” уюмунун “Алай жана Чоң-Алай райондорунун флора жана фаунасын изилдөө” аттуу долбоору (Низамиев А.Г., Абдыкааров А., Абжамилов С., Каримов Б.А., Коланов О., 2019), 295, 7 миң сом инвестиция тартылды.
2022-жылдан “ветеринария” багыты боюнча Самарканд ветеринардык медициналык институту менен кош дипломдуулук келишими түзүлдү.
Жаратылыш, эс алуу, ден соолук, спорт, айыл өндүрүшүн сүйүүчүлөрдү окууга чакырабыз.
2024-2025-окуу жылына институт төмөнкү багыттар боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:
Шифри | Багыты | Деңгээли |
550100 | Табигый-илимий билим берүү (биология, химия, география) | бакалавр, магистратура |
520100 | Химия (химиялык-экологиялык жана криминалистикалык экспертиза) | бакалавр, магистратура |
520200 | Биология жана лабораториялык иш | бакалавр, магистратура |
600200 | Туризм (эл аралык туризм) | бакалавр, магистратура |
610001 | Ветеринария | адистик |
610200 | Агрономия | бакалавр |
120101 | Колдонмо геодезия | адистик |
532000 | Дене тарбия жана спорт | бакалавр, магистратура |
Бул багыттардын сырттан окуу формалары да бар. Биз сиздерди күтөбүз!
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директорунун м.а., г.и.д., профессор Низамиев А.Г.