Бүгүн, 17-июль күнү Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 44 техника, 379 куткаруучу тартылды, деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.
Белгилүү болгондой, облустун Кара-Суу районунда 370 куткаруучу 15 инженердик, 24 атайын техника, 19 мотопомпа менен селдин калдыктарын тазалоодо.
Ал эми Ош шаарында 25 куткаруучу 5 инженердик техника менен иш алып барууда.
«Белгилей кетсек, 16-июль күнү Кара-Суу районунда суу кирген 718 турак үйдүн 602си тазаланып бүттү. Ош шаарынын Төлөйкөн жана Жапалак айыл аймактарында 183 турак үйгө, 2 социалдык объектиге, 10 эс алуу жайына жана борбордук базардын 785 соода түйүнүн сел суусу кирген»,- деп айтылат маалыматта.
Кечээ жалпы 168 турак жай, 2 соц. объект тазаланып, 140м/куб сел калдыктары чыгарылып, 9 миң метр кв дезинфекциаланды. Селдин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундар, соодагерлер жана Жарандык коргонуу кызматтары да иш алып барышты.
Маселен Ошто 181 жумушчу, 9 инженердик техника, Кара-Сууга 491 кызматкер тартылган.