Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы 12-көчөдөгү сайда тоок жана мышыктын өлүктөрү жана селдин калдыгы тазаланбай жатат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну билдирди.
Анын айтымында, ал бир нече жолу анда сел калдыктарын тазалап жаткан куткаруучуларга, милиция кызматкерлерине аталган көчөднү тазалаш керектигин айтткан. Бирок, дагы деле жыйынтык боло элек.
«Селден кийин Ачы айылынын 12-көчөсү каралбай калды. Андагы кичинекей сайда сел суулары тазаланбай, жада калса толоо таштанды жатат. Колубуз менен тазалап коелу десек бири-бирине оролуп, чыкпай жатат. Анан калса тооктун, мышыктын өлүктөрү жатат. Алар курттап кеткен. ӨКМдин куткаруучулары келип, башка көчөдө иштеп жаткан учурда ушул жерди айткам, «азыр техника бөлүп беребиз» деген боюнча жок. Азыр эми жыттанып кетти»,- деди айыл тургуну.
Ошондой эле, айыл тургундарынын айтымында, Ачы-7 көчөсүндөгү тургундар үйлөрүндөгү селден кийинки калдыктарды көчөнүн четине төгүшкөн. «Эгер ӨКМ техника берсе, коопсуз аймакка төкмөкпүз»,- дейт жашоочулар.
Мындан сырткары, седен кийин толуп калган каналды тазалоо иштери жүрүп жатат. Каналдын ичиндеги азыраак калдыктарды каналдын четине төгүп коюшкан. Жергиликтүү тургундар аталган калдыктар жыттанып, элге зыяны тийиши мүмкүн экенинен кооптонушууда.
14-июль күнү жааган нөшөрлүү жаандан улам сел кетип, Ачы айылындагы ондогон үйдү каптап, короо-сарайларына, жер төлөлөрүнө суу кирген. Айрым тургундардын үйлөрүн да суу баскан.