Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жол кырсыгынан каза болгондон кийин, ооруканага жеткирилген дагы эки небереси көз жумду. Бул тууралуу «АКИпресс» басылмасы жазды.
Маалым болгондой, 17-июлда болгон кырсыкта унаанын ичинде 5 адам болгон: Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын үч небереси болгон. Бактыгүл Мырзаева жана жолдошу жана алардын бир небереси кырсык болгон жерде каза боулшкан.
Алардын эки небереси ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам каза болушкан.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-июль күнү саат 11:00дө Ош шаарында өтөт.