Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаева 2020-жылы Ош шаарынын Ашимахунов №48 дарегинде курулуп жаткан үйдү документтерин келишим менен 200 миң АКШ долларына сатып алган. Бирок, 4 жылдан бери келишимде көрсөтүлгөн акчаны бере элек. Бул тууралуу түрк ишкери Шахин Кахраман бүгүн, 18-июль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал 2013-жылы Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн №48 дарегине үй салуу үчүн келишимдин негизинде Ош мэриясынан жер алып, жер төлөсүн куруп баштаган. Кийин Ош шаарынын мэри алмашкандан кийин мэрия жерди кайра алып койгон.
«Мен атым Шахин Кахраман. Инвестор болуп, Түркиядан келдим. 2013-жылы тендерден Ош мэриясынын жерин уттук. 1-1,5 жылдын ичинде курулуш иштерин баштадык. Жер төлөсүнүн цементтерин, биринчи кабатка чейин фундаментин куюп койгонбуз. Ошол учурда мэр алмашты. Биздин курулуш иштерибиз токтоду. Ал учурда мэрияга жыйындарга барып жүрдүк. Бирок, курулушка уруксат бербей коюшту.
2020-жылы Урмат Аманбаева бизге телефон чалып, «сенин шеригиңдин долясын алдым, сен да сатасыңбы мага» деди. Макул, сүйлөшөлү, макул келсе сатам дедим. Нотариус аркылуу Урмат Аманабева менен келишим түздүк. Келишимде 6 ай ичинде 200 миң АКШ доллар акчаны бериши керек эле. Келишимде 6 ай ичинде акчаны берсе, мен да өзүмдүн үлүшүмдү өткөрүп бермек болгом. Арадан 6 ай өтүп, «сен үлүшүңдү мага өткөрүп бербесең, иштерим токтойт, жаман болуп калат» деди. Анан мен ага өз үлүшүмдү өткөрүп бердим. Ал менин үлүшүмдү алгандан кийин 1 айдын ичинде акчаны бермек болгон. Өз колу менен тил кат жазып берди. Андан кийин «Бишкектен үй берем, тияктан үй берем, бияктан үй берем» деп көп жолу алдап жүрдү. Эң акыры 2024-жылдын биринчи айында «сен мага акчамды бербесең дагы арыз жазам, кайрылчу жерлерге кайрылам» деп айттым. Ал акчаны 6 ушул жылдын алтынчы айына чейин берерин айтты.
Бул боюнча милицияга арыз жаздым. Кыскасы, кайсыл жерге кайрылбайын ишти жаап коюшат. Каерге барып арыз жазбайын ишти токтотуп коюшту. Ошондуктан, урматтуу Садыр Жапаров, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерден жардам сурайм»,- деди Ш. Кахраман.
Аталган иш боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы төмөндөгүдөй маалымат берди.
Маалым болгондой, түрк ишкерлеринин компаниясы келишимдин негизинде мэриядан жер алып, үй сала баштайт. Бирок, курулуш нормалары туура эмес болуп, аталган талаптарты ишкерлер сактабай койгону үчүн соттун чечими менен мэрия жерди өзүнө кайра алган.
Жогоруда сөз болгон Урмат Аманбаева Turmush басылмасына комментарий берип, түрк ишкеринин айткан кептерин төгүндөгөн. Аманбаеванын айтымында, түрк ишкерлеринен үй куруу үчүн укугу бар документтерди өткөрүп алган.
«Түрк ишкерелринин үй куруу укугу бар документтерин келишимдин негизинде өткөрүп алганбыз. Бул Шахин мырзанын үлүшү 120 миң доллра эле. Мен булардан акча алып, бербей койгон жерим жок да. Бул жерде мен жабырлануучу болуп жатам. Аткени, түрк ишкерери мага «документтери таза, эч кандай маселе болбойт» деп өткөрүп беришкен. Бирое, алар үй курган жерди Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы өзүнө өткөрүп алып, муниципалдык ипотеканын үйүн куруп коюшуптур. Мен ал башкармалык менен соттошуп, соттон уткам. Мыйзамда талаштуу болуп жаткан жерге курулуш курулбашы керек эле. Бирок, алар курулуш куруп алды да. Кийин жаңы жагдайлар менен дагы сотко кайрылышты. Ош шаардык сотунун чечими чыкты. Азыр облустук соттун чечимин күтүп жатам. А түрк ишкерлерине келсек, алар акча эмес, ошол курула турган үйдөн батирлер берилет деп айткам. Менин бардык иштер боюнча фактыларым бар»,- деди У. Аманбаева.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей Шахин Кахраман аттуу жаран Урмат Аманбаеванын үстүнөн арых жазган, ал арызында Аманбаева «Мехр-Мер» ЖЧКсынын үлүшүн 200 миң АКШ долларына Урмат Аманбаева сатып алам деп келишим түзүп, бирок, бербей жатканын билдирген.
Ош ШИИБ арыз каттоого алып, күбөлөрдү сурап, төмөндөгүлөрдү аныктаган. Урмат Аманбаева «Мехр-Мер» ЖЧКсындагы үлүшүн сатып алуу үчүн Шахин Кахраман менен келишимге кол койгон. Келишимде Кахрамандын үлүшүн батир менен алмаштыруу каралган. Тактап айтканда Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн №48а дарегинде курулуп жактан үйдөн 3 батир берүү келишимде каралган.
«Натыйжада Ош ШИИБ бул иште кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кыскарткан. Бул иш жарандык тартипте сотто каралып жатканы аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.