Бүгүн, 19-июль күнү Ош шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Өгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев,Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана айыл өкмөт башчылар катышкан жыйын болду.
УКМКнын төрагасы Ошто сел болгон күнү Папан суу сактагычынан башка күндөргө караганда көбүрөөк өлчөмдөгү суу кое берилгенин билдирди.
«Ош шаарын суу баскан күнү, негедир Папан суу сактагычынан көп суу коё берилген. 59 куб метр. Ошол күнү башка башкармалык менен кеңешип, азыраак суу коё беришиңер керек эле. Бул боюнча Ош облустук суу чарбанын, Папан суу сактагычынын башчысынын күнөөсү бар. Эмне үчүн жамгыр жаап атса көп суу коё беришет? Эртеси эле күнү сууну 38 куб метрге түшүрүп коюшкан экен. Папан суу сактагычынын сыйымдуулугу 240 млн куб метр экен. Ошол күнү 204 млн куб метр эле суу чогулган экен. Сууну кармап турсаңар болот эле. Отургула жетекчилер, жоопко тартыласыңар. Прокуратура, укук коргоо органдары, күнөөлүү адамдарды эмнеге аяп отурасыңар. Бүгүн эле күнөөлүүлөрдү жазага тарткыла. Мындан сырткары сел болгон күнү «сууну көп коё бер» деп ким буйрук берди, аны тапкыла. Адам көбөйүп кетти, төртөө-бешөө болуп кетти деп аяп отурбагыла, 20 адам болсо да жоопко тарткыла. Бүгүн тик учак менен сел болгон аймактарды көрүп келдим. Ак-Бууранын үстүнө эс алуучу жайларды куруп алыптыр. Мына кечээ ошол жерден агып кетти. Мыйзамсыз курулган курулуштарды тапкыла, карагыла. Анан соттошуп атат, оттошуп атат деп отурбагыла. Сотторго айтып коюңуздар, тезирээк чечимдерди чыгарып берсин»,- деди Ташиев.