Бүгүн, 19-июль күнү Ош шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Өгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев,Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана айыл өкмөт башчылар катышкан жыйын болду.
Анда Камчыбек Ташиев сел болгон аймактар боюнча тиешелүү башкармалыктарга бир катар тапшырмаларды берди.
«Биз сел болгон аймактарды кыдырып чыктык. Бир катар тапшырмаларды берем, жазып алгыла.
1. Суунун жээктери 50 метрге чейин эс алуусу жайларды курууга тыюу салынат. Ушул норманы сакташыбыз керек. Ушул убакка чейин сакталбай келгендери болсо эми сактагыла.
2. Суунун жээгине, сел ташкыны боло турган жерлерди бербейсиңер. Эгер бере турган болсоңор, сөзсүз ӨКМ менен кеңешкиле. Эгер ӨКМ менен кеңешпей курсаңар, жоопко тартыласыңар.
Мына ошого окшогон нерселер сакталбагандан улам ушундай окуялар болуп жатат.
3. Жергиликтүү бийлик кооптуу жерлерге чайканаларды, тапчандарды курууга тыюу салынат. Ар бир айыл өкөттөр аймагыңарды карагыла. Ушундай жерлер болсо аныктагыла. Ушундай жайларга жерлерди бергенге өзүңөр кызыктарыңар. Мына кечээ бир аял үч кызы менен «Мол-Булак» эс алуу жайында агып кетти. Ошого ким уруксат берген, текшеребиз. Ошондуктан, айыл өкмөттөр, жыйындан чыгып эле ушундай иштерди баштагыла.
4. Биз эсептеп чыктык. Ак-Буурада 11 көпүрө бар экен. Кээ бирлер соода жайына өтүү үчүн көпүрө куруп алыптыр. Кээ бирлери соода жайларын куруп алыптыр. Оштун мэри кана , Ак-Бууранын үстүндөгү бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү аласыңар.
5. Бир жуманын ичинде селдин калдыктарын тазалап койгула. Эгер бир адам «менин үйүм тазаланбай калды» деп чыкса, жооп бересиңер.
6. Транспорт министрлиги жана башка кызматтар, сел алып кеткен көпүрөнү, жолдорду август айында чейин бүтүрөсүңөр. Мурда жазга чейин деп курбай отуруп алчу элеңер. Эми августка чейин бүтүркүлө. Кантип бүтүрөсүңөр, бул силердин көйгөйүңөр.
7. Акимдер тургулачы, урматтуу акимдер, азыр канча акча кайда бөлүнөт, силер көзөмөл кыласыңар. Жаран акчаны алып, карызын жаап, кредитин төлөп коёт. Акчанын максаттуу бөлүшүн силер карайсыңар. Ооба, мамлекет жардам берет. Бирок, мамлекет көзөмөлдөйт.
8. Жаңы курулуп жаткан үйлөр сапаттуу курулушу керек. Азыр үйлөр жыгылып жатат. Эми үйү кулаган адамдарды күнөөлөбөйбүз. Эми үй курулса фундаментинин бийиктигин 1-1,5 метр кылып курсун. Бышкан кыш менен дубалын урсун. Фундаменти бийик үйлөрдүн фундаменти кармап калып жатат. Силер ошону көзөмөлдөйсүңөр.
9. Үйлөрдү, автоунааларды камсыздандырыш керек. Күндө,күн алыс эл менен сүйлөшөсүңөр. Элге айтып койгулачы. Үйүңөрдү, автоунааңарды камсыздандырып койгулачы деп айтып койгулачы. Мына бир үйгө бардык эле. Үйүн камсыздандырып койгон экен, эми мына үй куруп атат. Эми ага мамлекет да жардам берет.
10. Республикалык деңгээлдеги жолдорго көпүрөлөрдү куруп атасыңар го. Ошондой жерге жол курган да, сел өтө турган жерге түтүктөрдү куруп атасыңар го. Ошону түтүктөрдү курбай эле, «село пропусктарды» куруп койгула. Ага көп деле акча кетпейт.