Иллюстративдик сүрөт
Өзгөн районундагы жайлоодо бир жаран каза болуп, сөөгү бир жума дегенде жайлоодон алынып кетилген. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдашты.
ӨКМден маалым болгондой, 23-июлга карата Өзгөн районунун Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун бир тарабы каттамга ачык, бирок түбү бийик унаалар өтө алат. 51-чакырымында селдин кесепеттерин жоюу иштеринде 10 техника иштеп жатат. Жол бир тараптуу ачылган, бирок түбү бийик авто унаалар өтүүдө.
Ал эми каза болгон жаран боюнча Ош облусттук ички иштер башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирди.
«7-июль күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын тургуну 1984-жылы туулган К.А., арыз менен кайрылган. Анда өзүнүн кой жандыктарын бактырып жүргөн 1983-жылдын туулган А.Ж., Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу жайлоосунда кой жандыктарын багып жүргөн жеринен 4-июлундан тартып, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу көрсөтүп, анын жүргөн жерин тактап, табууга көмөктөшүүнү суранган.Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган»,- деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы көрсөтүлгөн кызматтын жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, Ж.А дайынсыз болгон жайына издөө иштери жүргүзүлүп, Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайлоо тарабында жайгашкан жөө барууга кыйын болгон жайдан 11-июль күнү жансыз денеси табылган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денеси Ош областтык соттук-медициналык экспертизага дайындалган. Маркум селге чейин эле каза болгондуктан, сөөгү кыйынчылыксыз эле жеткирилген»,- деп айтылат маалыматта.