Бүгүн, 26-июль күнү 33-жайкы Олимпиада старт алат. Париж Олимпиадасынын ачылуу аземи Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат. Бул Олимпиадага кайсыл спорттун түрлөрү кошулду жана канча өлкөнүн спортчусу катышып, канча медаль ойнотуларын төмөндө кененирээк баяндап беребиз.
Олимпиаданын талисманы
Париж Олимпиадасынын жана Пара Олимпиаданын талисманы болуп 2024-жылкы Олимпиаданы Уюштуруу комитети тарабынан Фриктердин баш кийими табылган. Аталган комитеттин төрагасы Тони Эстангенин айтымында, баш кийим «Француз Республикасынын жаркын символу» болуп эсептелип, а «француз эли үчүн аталган баш кийим эркиндикти туюндурат» деп айткан. Талисмандар «Биз жалгыз багытыбызга бат жетебиз, бирок, баарыбыз чогуу жүрсөк алгай беребиз» деген ураан астында сунушталган.
Катышуучу өлкөлөр
Жайкы Париж Олимпиадасына 206 өлкөдөн 10,5 миң спортчу барат. Алардын 54ү Африка континентинен, 48и Европадан, 44ү Азиядан, 41и Америкадан, 17си Океаниядан, бейтарап спортчулар жана качкындардын олимпиадалык курамалары Олимпиада оюндарына катышат.
Спорттун түрлөрү
Бул Олимпиада 45 спорттун түрлөрү боюнча мелдештер болуп өтөт. Кошумча катары: брейк бийи, спорттук альпинизм (имараттын ичинде)6 скейтбординг, серфинг спорттун түрлөрү киргизилген. Алардын ичинен брейк бийи боюнча бул Олимпиадада биринчи жолу медадалдар ойнотулат.
Франция Олимпиага канча коротот?
Парижде жайкы Олимпиада оюндары 1900-1924-жылдары да өткөн. 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндары үчүнчү жолку ири мелдеш болмокчу. Париж бул көрсөткүч менен жайкы Олимпиаданы кабыл алган Лондондон кийинки экинчи шаар болуп калмакчы. Олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн Франция 8,3 млрд евро жумшары күтүлүүдө.
Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча беттештерге чыгышат.
Кыргыз спортчуларынын Париж Олимпиадасына чыгуу графиги:
27-июль
Сууда сүзүү:
Денис Петрашов 100 метрге брасс сүзүү, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча);
28-июль
Дзюдо
Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) 14:00 — 1/32 финал;
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг чейин) -15:00 — 1/16 финал;
31-июль
Дзюдо
Эрлан Шеров (90 кг чейин) 14:00 — 1/32 финал
3-август
Сууда сүзүү
Елизавета Печерских 50 метрге эркин сүзүү — 15:00
5-август
Спорттук күрөш
Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) 19:00 — 1/8 финал
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 19:00 — 1/8 финал
6-август
Спорттук күрөш
Акжол Махмудов (77 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
Үзүр Жузупбеков (97 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
7-август
Спорттук күрөш
Амантур Исмаилов (67 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
8-август
Спорттук күрөш
Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
9-август
Спорттук күрөш
Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) 15:30 — 1/8 финал
- Айаал Лазарев 125 кг чейин 15:30 — 1/8 финал
10-август
Спорттук күрөш
65 кг чейин — Эрназар Акматалиев 15:30 — 1/8 финал
76 кг чейин — Айпери Медет кызы 15:30 — 1/8 финал
11-август
Жеңил атлетика
Сардана Трофимова марафондук жарыштын башталышы 12:00.