Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Жүлгүр жайлоосунда жапайы тоо текечер бир канча айдан бери короодогу кой-эчки менен кошо багылып жүргөн. Бул маалымат жергиликтүү активист жарандар аркылуу алынып, анын алкагында пландан сырткаркы рейд жүргүзүлдү, деп билдирди NABU-Кыргызстан уюмунун басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, NABU-Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун бул рейди Кара-Кулжа районунун аңчы адиси Жеңишбек Бекташевдин жардамында өттү.
«Натыйжада, аны багып жүргөн жарандын короосунан алынып, КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине текечерди жапайы жаратылышка кое берүү боюнча кат жөнөтүлдү. Райондо жапайы жаныбарларды убактылуу кармап туруу үчүн реаблитациялык атайын борбор жок болгондуктан, учурда текечерди аңчы адис үй шартында кармап турат. Министрликтен жооп келээри менен талаага кое берилет»,- деп айтылат маалыматта.