[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна видеостудия үчүн керектүү болгон бардык техникалык жабдыктар сатылып алынды. Бул тууралуу аталган долбоордун өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми институт видеосабак, видеолекция сыяктуу жогорку сапаттагы билим берүүчү материалдарды жарата алат. Видеостудия ошондой эле педагогдорго, мугалимдерге окутуунун заманбап методикаларын, анын ичинде аралыктан окутуу, вебинарлар, мультимедиялык материалдарды колдонууга жана өзүнүн интерактивдүү сабактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде окутуунун сапатын жакшыртууга, окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде заманбап билим берүү чөйрөсүндө билим алуу, окутууну каалаган студенттерди жана окутуучуларды тартууга жардам берет.
Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында, өлкөнүн 1200 мектебинин ар бирине 15 компьютер, 1 проектор, 1 UPS менен камсыздап, санариптик китепкана класстарын ачуу жана аларда 6 мультимедиа класстары менен камсыздоо иштери менен алектенип келет.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]