Руслан, Тилек, Исламбек Матраимовдордун жактоочусу И. Кыштобаевдин атынан баш коргоо чарасы боюнча Ош облустук сотуна арыз түштү. Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, апелляциялык даттануу бүгүн Ош облустук сотуна түшкөн. Азырынча алардын арызы кайсыл күнү каралары тууралуу маалымат белгилүү боло элек.
Буга чейин Ош шаардык сотунун токтому менен бир тууган Матраимовдордун баш коргоо чарасы каралып, Тилек Матраимов 26-апрелге чейин, Исламбек, Руслан Матраимовдор 18-майга чейин камакта калтырылган.