Уурдалып киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу шалаакылыкка айыпталган Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев акталды. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакуновго шилтемме берип Би-Би-Сиге жазды.
Маалыматка караганда ,иш кечээ, 8-майда, Бишкек шаардык сотунда каралып, чечимди судья Чолпонай Уметалиева чыгарган.
Матмусаевдин иши боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзүп, ага “шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылган. Бирок ал сотто өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай турганын билдирип келген.
“Биз эми райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрылабыз. Жабырлануучу тарап эле эмес айыптоочу тарап дагы кайрылышы керек», – деди Токтакунов.
2021-жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күч менен унаага салып, уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин кыздын жана 36 жаштагы кишинин сөөгү табылган.
Бул окуядан кийин кызды эки күн таба албай коюшканы үчүн милициянын дарегине кескин сын айтылып, ошол кездеги шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жазага тартылган. Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар 6,5-7 жылга абакка кесилген.