Иллюстрациялык сүрөт
Кара-Суу районунда ушул жылдын февраль айында 4 адамдан сибирь ылаңы аныкталган. Бул тууралуу Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Маккамбай Даминов билдирди, деп жазат «Турмуш» басылмасы.
Анын айтымында, былтыр жыл бою 16 гана адамдан сибирь ылаңы аныкталган болсо, быйылкы жылдын бир кварталында эле 4 адамдан сибирь жарасы аныкталган.
«Ушул жылдын февраль айынын ортосунда Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылында жоролор бир уйду союп, этин бөлүп алышкан экен. Ошол төрт адамдан сибирь жарасы аныкталып, алар дарыланып, уйдун эти, териси, баары чогултуп, бетондолду.
Былтыркы жылы жыл бою 16 адам гана сибирь жарасын жуктуруп алган болсо, быйылкы жылдын биринчи кварталында эле 4 адамдан аныкталып жатат. Акыркы учурда Мады айыл өкмөтүнүн, Каарман, Учкун айылынан сибирь ылаңын жуктуруп алгандар көп катталды. Эмне үчүн экенин билбейм, же мал базар ошол айылда жайгашканы үчүнбү айтор, көп катталды»,-деди М. Даминов.
Башкы дарыгер белгилегендей, эки жылдан бери кутурма ылаңы Кара-Суу району боюнча каттала элек.