![ОшМУда боор алмаштыруу операциясы жасалат ОшМУда боор алмаштыруу операциясы жасалат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/acc89569-07bf-48fd-99a5-39efb29b95a3-1024x682.jpg)
ОшМУнун клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУдагы иш сапары учурунда айтты, деп билдирди Ош МУнун басма сөз кызматы.
Алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.
“Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, бүгүн мен ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт”, — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУдагы иш сапарында университеттин курулуп жаткан 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты. Мындан сырткары Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттери, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплексттер, виртуалдык клииникаларды көрдү.
Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык обочо жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Медициналык клиниканын жана медицина факультеттеринин жамааты менен жолугуп, кызматкерлерге мамлекет тарабынан шарттар түзүлүп, айлык маяналары жогорулай тургандыгын айтты.