Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын айыл чарба кызматкерлеринин Борбордук Комитетине караштуу Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылындагы Ж.Чыңгараев атындагы балдардын эс алуу лагери тоо этегинде, абасы таза жайда, тунук суунун боюнда бак-шактуу жерде жайгашкандыктан, мында келген эс алуучулардын саны көп. Эс алуу жайына чейин асфальт жолдун келиши да оң таасирин тийгизип жатат. Биз жакында аталган эс алуу лагеринде болуп, анын директору Жапар Тургунбаевич Осмоналиев менен маектешип кайтканбыз.
— Жапар Тургунбаевич, быйыл алгачкы эс алуучуларды качан кабыл алдыңыздар?
— Кабыл алууну үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда баштаганбыз. Биринчи агымда 200 бала келген. Азыр 5-агымды аяктап жатабыз.
— Эс алууга кайсыл аймактардан келди?
— Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван райондорунан жана Ош шаарынан келишти. Келүүчүлөрдүн саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Быйыл өзгөчө жыл болду. Акыркы агым 28-августка чейин эс алат. Жалпысынан айтканда быйылкы сезондо 1400 бала эс алмакчы.
— Эс алуу жайынын имараты союз мезгинде курулган окшойт. Аны сезонго даярдоодо кыйынчы лык болсо керек?
— Өзүңүздөр туура байкагандай, эс алуу жайынын имараты мындан 43 жыл мурда салынган. Ачыгын айтсам, союз бузулгандан кийинки мезгилде көңүл бурулбай калып, эс алуу жайы кыйынчылыкка туш болгон. Балдар үчүн жагымдуу жайды кармап калуу, сактап туруу оңойго турган жок. Эс алууга келген балдардын саны 100гө да жетпей калган учур болгон. Заман оңолгондон тартып, ал кайра өз милдетин аткарууга киришти. Бара-бара бутубузга туруп кеттик. Тоо этегинде, тунук суусу бар Кошчан дарыясынын боюнда жайгашкан эс алуу жайы жыл сайын чакан жамааттын жана демөөрчүлөрдүн аракети менен талапка ылайык ремонттон өткөрүлөт. Бул да көп түйшүктү талап кылат. Балдар эс алуучу жана жууна турган жайлар, ашкана, жатаканалар санитардык-гигиеналык талапка жооп бере турган деңгээлге келтирилет. Бассейн санитардык-эпидемиологиялык талапка ылайык даярдалууга тийиш. Мактангандай болбойлу, айрым кыйынчылыктарга карабастан эс алуучуларды кабыл алууну ойдогудай уюштурууга жетиштик. Имараттар алдын ала ремонттон өткөрүлүп, жата турган төшөк- жууркандар жаңыртылды.
— Эс алууга келген балдардын бош убактысын өткөрүү үчүн кандай иш-чаралар уюштурулат?
— Бул жерде белгилеп өтүүчү нерсе, эс алууга келген балдардын бош убактысы жок. Бир агымда эс алуу 10 күнгө созулат. Ошол он күндү көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүү үчүн атайын иш-чаралар белгиленген. Анын алкагында ар бир күнү маданий-массалык жана спорт оюндары уюштурулуп жатат. Балдар командаларга бөлүнөт. Ыр-бийге шыктуу эс алуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бий аянтчасында ар кандай бийлердин түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулат. Балдарды кызыктыруу максатында спорттун көп түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Чыңгараев атындагы орто мектепте спорт залында волейбол, баскетбол, мини футбол оюндары өткөрүлөт. Кыргыздын улуттук оюндары ойнотулат. Бассейнде сууга түшүшөт. Китепканадан китеп алып окушат.
— Тамак-аш жагдайы кандай?
— Бизде эс алуучуларга күнүнө 4 маал тамак берилет. Бул маселеге абдан олуттуу көңүл бурулат. Жайдын жылуу күндөрүндө сөзсүз азык-түлүктүн сапатына, жасалуу мөөнөтүнөбасым жасалат. Көз тийбесин, ушул мезгилге чейин бир нараазылык болгон жок.
— Эс алуучулардын ден-соолугу, коопсуздугу көзөмөлгө алынганбы?
— Азыркы учурда жалпы жамаат, 12 тарбиячы баарыбыз күнү-түнү балдардын жанындабыз. Ноокат райондук “Барын” үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан бөлүнгөн фельдшер тарабынан ден-соолугу такай көзөмөлдө турат. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаңы-Базар айылындагы бөлүмчөсүн тарабынан жөнөтүлгөн кызматкер балдардын кооопсуздугун камсыз кылуу үчүн ушул жерде болот. Учурдан пайдаланып, биздин ишти облустук деңгээлде чагылдырып жаткан сиздердин гезитиңиздерге ыраазылык билдирүү менен “Ош жаңырыгы” гезитинин жамаатын алдыда боло турган 85 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз. Эмгеги элге сиңген бул гезитти улуу муундагы агаларыбыз, аталарыбыз да окуган.
Маектешкен:
Т. АБДЫРАЗАКОВ