Ирандын президенти Ибрагим Раиси түшкөн тик учак кырсыкка кабылгандан кийин 15 сааттын ичинде куткаруучулар тик учакты тапкан видео жарыяланды.
Анда тик учак кулаган жер чоң аянтты ээлегенин, анын бөлүктөрү чачырап кеткенин көрүүгө болот. Куткаруучулар жерден Ибрагим Раису дайым тагынып жүргөн шакекти табышкан.
«Son dakika» басылмасынын жазганына ылайык, тик учак кулаган жердин координаттарын аныктоого Түркиядан жиберилген «Акынжы» учкучсуз учагы жардам берген.
19-май күнү кечинде Раиси бараткан тик учак Ирандын түндүк-батышындагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын адырлуу жеринде дайынсыз жоголгон. Иран делегациясы Азербайжандан кайтып келе жаткан. Тик учакты издөө иштери он сааттан ашык созулган.
20-май күнү эртең менен Mehr мамлекеттик агенттиги Ирандын президенти Ибрагим Раиси каза болгонун кабарлады. Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури Раисинин өлгөнүн тастыктады. Президент менен бирге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малик Рахмати жана тик учакта болгон дагы бир нече адам набыт болгон.
Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер шайлоого чейин өлкөгө жооптуу болот. Президенттин өлүмүнө байланыштуу ирандыктар 5 күн аза күтүшөт.