Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Аида Салиеванын атасы Камчыбек Касымалиев, апасы Бактыгүл Мырзабаева жана алардын 9 жаштагы небереси М. К. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун караштуу Өрнөк айылында жол кырсыгына кабылып каза болгон.
Жол кырсыгына кабылган башка унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жараат алып, ооруканага кайрылышкан.
Аида Касымалиеванын апасы Бактыгүл Мырзабаева 1989-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген. Атасы Камчыбек Касымалиев өндүрүш тармагында үзүрлүү эмгектенген.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-июль күнү саат 11:00дө Ош шаарында өтөт.